Metabo KGS 216 Manual Original página 127

Ocultar thumbs Ver también para KGS 216:
Tabla de contenido
Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 40
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Стопор винтин (35) бошотуңуз. Кошумча
профилди (34) материал кесүүчү дискке же
коргоочу каптамага тийбей коюлгудай кылып
жылдырыңыз. Стопор винти (35) менен
бекитиңиз.
Белгилүү бурчтарды коюу үчүн кошумча
профилди (34) стопор винтин (35)
чыгаргандан кийин толугу менен чечүүгө
туура келиши мүмкүн. Стопор винтин (35)
кайра бекитиңиз. (Тилип бүткөндөн кийин
кошумча профилди (34) кайра орнотуп,
жоголуунун алдын алуу үчүн аны стопор
винти (35) менен бекитиңиз.)
Материалды тилүү:
1. Араанын арткы бетиндеги жантыктатуу
шайманынын бекитүүчү туткасын (22)
бошотуңуз.
2. Четтетүү консолун керектүү абалга жай-
жайдан жантыктатыңыз.
3. Жантыктатуучу бекиткич тутканы (22)
бекитиңиз.
4. Материалды „Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
9.4 Кош кыйгач кесүү
Көрсөтмө:
Кош кыйгач кесүү - кыйгач кесүү менен
жантык кесүү бирге аткарылат. Демек,
материал багыттоочу жээкке кыйгачынан
жана жогору тарабына кыйгачынан тилинет.
Кооптуулук!
Кош кыйгач кесүүдө кесүүчү диск көп
жантыктатылгандыктан, чоң ачылып –
жаракат алуу коркунучу жогору. Кесүүчү
дисктен коопсуз аралыкты сактаңыз.
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– Кесүү тереңдигин чектөөчү аспап (51)
активсиз.
– Бурулма столду керектүү абалга бекитиңиз.
– Четтетүү консолуна керектүү бурчту коюп,
консолду бекитиңиз.
– Тарттыруучу шаймандын бекитүүчү винти
(13) бошотулган.
– Тарттыруучу шайман арткы абалда.
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Стопор винтин (35) бошотуңуз. Кошумча
профилди (34) материал кесүүчү дискке же
коргоочу каптамага тийбей коюлгудай кылып
жылдырыңыз. Стопор винти (35) менен
бекитиңиз.
Белгилүү бурчтарды коюу үчүн кошумча
профилди (34) стопор винтин (35)
чыгаргандан кийин толугу менен чечүүгө
туура келиши мүмкүн. Стопор винтин (35)
кайра бекитиңиз. (Тилип бүткөндөн кийин
кошумча профилди (34) кайра орнотуп,
жоголуунун алдын алуу үчүн аны стопор
винти (35) менен бекитиңиз.)
Материалды тилүү:
· Материалды „Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
9.5 Оюктарды кесүү
Көрсөтмө:
Кесүү тереңдигин чектөөчү шайман тартуучу
шайман менен бирге оюк кесүү үчүн
колдонулат. Мындайда материал толук
тилинбей, белгилүү тереңдикте гана тилинет.
Тээп кетүү коркунучу!
Оюктарды кесип жатканда кесүүчү дискти
капталынан кыспоо абдан маанилүү. Болбосо,
кесүүчү рама өйдө ыргып кетиши мүмкүн!
Оюктарды кесип жатканда тарттыруучу
шайман колдонулат. Кесүүчү раманы
капталынан кыспаңыз.
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– Четтетүү консолуна керектүү бурчту коюп,
консолду бекитиңиз.
– Бурулма столду керектүү абалга бекитиңиз.
– Тарттыруучу шаймандын бекитүүчү винти
(13) бошотулган.
– Тарттыруучу шайман арткы абалда.
Материалды тилүү:
1. Кесүү тереңдигин чектөөчү шайманды (50)
керектүү тереңдикке коюп, контргайканы
бураңыз.
2. Коргоочу бөгөттөгүчтү (26) бошотуп,
кесүүчү раманы ылдый түшүрүп, коюлган
кесүү тереңдигин текшериңиз:
3. текшерүү үчүн кесип көрүңүз.
4. Керек болсо, тиешелүү кесүү тереңдиги
коюлмайынча 1-3-кадамдарды кайталаңыз.
5. Материалды „Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
10. Техникалык тейлөө жана
кармоо шарттары
Кооптуулук!
Техникалык тейлөө жана тазалоо иштерин
аткаруудан мурун электр вилкасын сууруңуз
же чечилме аккумулятор блогун (33) чыгарып
салыңыз.
– Бул бөлүмдө сүрөттөлгөн техникалык тейлөө
жана оңдоо иштерин адистер гана аткаруусу
зарыл.
– Бузулган деталдарды, өзгөчө коргоочу
аспаптарды түпнуска аспаптар менен гана
алмаштыруу керек. Өндүрүүчү текшербеген
жана уруксат бербеген деталдарды
колдонуу күтүүсүз чыгымга алып келиши
мүмкүн.
– Бузулууну оңдогон сайын бардык коргоочу
түзмөктөрдү кайра активдештирип, текшерип
чыгыңыз.
10.1 Кесүүчү дискти алмаштыруу
Күйгүзүү коркунучу!
Жумуш бүткөндөн кийин бир аз убакыт
аралыгында кесүүчү диск ысык бойдон турат.
Ысыган диск муздагыча күтө туруңуз. Кесүүчү
дискти күйүүчү суюктуктар менен
тазалабаңыз.
Кыймылдабай турган дискте да
кесип кетүү коркунучу бар!
Чойдуруучу винтти (43) бошотуп жана
тарттырып жатканда ачылма коргоочу
каптаманы (6) кесүүчү дисктин үстүнө жаап
коюу керек. Кесүүчү дискти алмаштырып
жатканда коргоочу мээлей кийиңиз.
1. Электр вилкасын розеткадан сууруңуз же
чечилме аккумулятор блогун (33) чыгарып
салыңыз,
2. Кесүүчү раманы жогору абалына
которуңуз.
3. Кесүүчү дискти орнотуу: стопор баскычын
(18) басып, экинчи колуңуз менен кесүүчү
дискти стопор баскычы бекигиче
айлантыңыз. Стопор баскычын басылган
абалда кармаңыз.
4. Кесүүчү дисктин валындагы шайбалуу
чойдуруучу винтти (43) алты бурчтуу ачкыч
(14) менен саат жебесинде (сол тараптуу
сай!) бурап, чечиңиз.
5. Коргоочу бөгөттөгүчтү (26) бошотуңуз
(электр тармагы менен иштеген аспаптар
үчүн гана), ачылма коргоочу каптаманы (6)
өйдө жылдырып, аны ушул абалда кармап
туруңуз.
6. Тышкы фланецти (44) жана кесүүчү дискти
(45) валдан кылдаттык менен чечип,
ачылма коргоочу каптаманы кайра жаап
коюңуз.
Кооптуулук!
Тазалоо каражаттарын (мисалы, чайыр
калдыктарын тазалоо үчүн) колдонбоңуз, алар
жеңил куймалуу металл деталдарына зыян
келтириши мүмкүн; болбосо, араанын
колдонуудагы туруктуулугу начарлап калышы
мүмкүн.
7. Кыпчытуучу катмарларды тазалоо:
– Кесүүчү дисктин валы (48),
– Кесүүчү диск (45),
– Тышкы фланец (44),
– Ички фланец (47).
Кооптуулук!
Ички фланецти туура жаткырыңыз! Болбосо
араа бөгөттөлүп, кесүүчү диск жулунуп кетиши
мүмкүн! Тегерек оюк кесүүчү дискти карап,
тегиз бети кыймылдаткычты карап турса ички
фланец туура орнотулган болот.
8. Ички фланецти (47) орнотуу.
9. Коргоочу бөгөттөгүчтү (26) бошотуңуз
(электр тармагы менен иштеген аспаптар
үчүн гана), ачылма коргоочу каптаманы (6)
өйдө жылдырып, аны ушул абалда кармап
туруңуз.
10.Жаңы кесүүчү дискти салыңыз – айлануу
багытын көзөмөлдөңүз: сол (ачык)
тарабынан караганда, кесүүчү дисктеги
жебе кесүүчү тактайдын капкагындагы
жебенин (46) багытына дал келүүсү зарыл!
Кооптуулук!
Ушул нускамаларда келтирилген талаптарга
жана мүнөздөмөлөргө тийиштүү кесүүчү
дисктерди гана колдонуңуз.
Айлануунун максималдуу ылдамдыгына
("Техникалык шарттары" бөлүмүн караңыз)
ылайыктуу жарактуу кесүүчү дисктерди
колдонуңуз – жараксыз же бузулган дисктерде
борбордон качма күч жарылган сыяктуу
сыныктарды чачыратышы мүмкүн.
Жыгач же ошого окшогон материалдарды
кесүүгө арналган кесүүчү дисктер EN 847-1
стандартына жооп берүүгө тийиш.
Буларды колдонууга тыюу салынат:
– жогору легирленген тез кесүүчү болоттон
жасалган кесүүчү дисктер (HSS);
– бузулган кесүүчү дисктер;
– кесүүчү тегеректер.
Кооптуулук!
– Кесүүчү дискти бир гана түпнуска деталдар
менен орнотуңуз.
– Бошоп калган өткөрүүчү тегеректерди
колдонбоңуз; болбосо кесүүчү диск жулунуп
кетиши мүмкүн.
– Кесүүчү дисктер иштеп жатканда тең
салмактуу, солкулдабай жана бекитилген
жерден жулунуп кетпегидей болуп
орнотулушу керек.
11.Ачылма коргоочу каптаманы (6) жабыңыз.
12.Тышкы фланецти (44) орнотуңуз – тегиз
бети кыймылдаткычты карап турушу керек!
13.Шайбалуу чойдуруучу винтти (43) саат
жебесине каршы (сол тараптуу сай!)
бураңыз жана кол менен бекитиңиз.
14.Кесүүчү дискти орнотуу: стопор баскычын
(18) басып, экинчи колуңуз менен кесүүчү
дискти стопор баскычы бекигиче
айлантыңыз. Стопор баскычын басылган
абалда кармаңыз.
Кооптуулук!
– Алты бурчтуу ачкычты узартпаңыз.
– Чойдуруучу винтти алты бурчтуу ачкычты
ургулоо аркылуу бекитпеңиз.
15.Чойдуруучу винтти (43) алты бурчтуу
ачкыч (14) менен бекем бураңыз.
16.Иштөөсүн текшериңиз. Ал үчүн коргоочу
бөгөттөгүчтү (26) бошотуп (электр
тармагынан иштеген аспаптар үчүн гана),
арааны төмөн түшүрүңүз:
– Ачылма коргоочу каптама башка
бөлүктөргө тийбестен кесүүчү дискти
бошотушу керек.
КЫРГЫЗЧА ky
127
Tabla de contenido
loading

Este manual también es adecuado para:

Kgs 216 mKgsv 216 mKgs 254 mKgs 305 mKgs 18 ltx 216

Tabla de contenido