4.4 Коргоочу каражаттар
Ачылма коргоочу каптама (6)
Коргоочу каптама кесүүчү дискке кокустан
тийип кетүүдөн жана учуп жаткан
кесиндилерден коргоого колдонулат.
Коргоочу бөгөттөгүчтөр (26)
Аккумулятор жабдуулары: машинаны коргоочу
бөгөттөгүчтөрдү күйгүзгөндөн кийин гана
колдонууга болот.
Тармактык жабдуулар: коргоочу
бөгөттөгүчтөрдү күйгүзгөндөн кийин гана
ачылма коргоочу каптама ачылат жана
арааны колдонууга болот.
Материалдар үчүн тирөөч (25)
Материалдар үчүн тирөөчтөр кесип жатканда
материалдын жылышына тоскоол болот.
Иштеп жатканда материалдар үчүн тирөөч ар
дайым орнотулушу керек.
Кошумча профиль (34) туура тегизделип жана
материал кесүүчү дискке же коргоочу
каптамага тийбей коюлганын көзөмөлдөңүз.
Стопор винти (35) менен бекитиңиз.
Кошумча профиль (34) туура эмес тегизделсе,
жантык жана кош кыйгач сызык менен кесип
жатканда ал кесүү тактасына тийип кетип,
натыйжада оор жаракат алууга себеп болушу
мүмкүн.
Материалдар үчүн тирөөчтүн кошумча
профилин (34) жантык кесүү иштерин
жүргүзүп жатканда (35) бекитүүчү винтти
бошоткондон кийин жылдыруу керек.
5. Кыскача билдирүү
2-бетти кара.
Иллюстрациялар бардык жабдыктар үчүн үлгү
катары берилген. Андыктан сиздин жабдуунун
комплекти сүрөттөрдөн айырмаланышы
мүмкүн.
1 Чамынды мүшөгүнүн сыдырмасы
2 Чамынды мүшөгү
3 Чамынды соруучу түтүк
4 Лазер чыкчу жер
5 Кесүү аймагына жарык берүү *
6 Ачылма коргоочу каптама
7 Узунунан кеткен тирөөч
8 Стол
9 Бурулма стол
10 Столдун коюлмасы
11 Бурулма столдун бекитүүчү туткасы
12 Бурулма столдун абалдарын бөгөттөөчү
стопор
13 Чоюучу жабдуунун бекитүүчү винти *
14 Ички алты бурчтуктуу ачкыч/ Ички алты
бурчтуктуу ачкычты сактоочу жай
15 Материалды бекитүү шайманы
16 Столдун туурасын чоңойтуу аянтчасы
17 Столдун туурасын чоңойтуу аянтчасынын
бекиткич винти
18 Кесүүчү дисктин бекиткичи
19 Араанын сабы
20 Ташуучу туткасы *
21 Кабель түрүүчү ийри зым
22 Жантыктатуучу бекиткич тутка
23 Бөгөттөөчү баскыч (жантык бурчту +/- 2 °
чоңойтуу үчүн)
24 Транспорттук бекиткич
25 Материалдар үчүн тирөөч
26 Коргоочу бөгөттөгүчтөр
27 Арааны күйгүзүү/өчүрүү баскычы
28 Бычма лазердин күйгүзүү/өчүрүү баскычы
29 Кесүү аймагын жарыктандыруунун
күйгүзүү/өчүрүү баскычы *
30 Аккумулятор блогун бөгөттөн чыгаруу
баскычы *
31 Идиш индикаторунун баскычы *
32 Идиштин сигнал индикатору *
33 Аккумулятор блогу *
* моделине жана комплектациясына жараша
6. Орнотуу жана ташуу
Керек болсо (20) ташуучу туткасын
орнотуңуз (моделине жараша
айырмаланат)
· Ташуучу тутаканы (20) сүрөттө
көрсөтүлгөндөй орноту?уз.
Керек болсо, (16) столдун туурасын
чоңойтуучу аянтчаларды кошуңуз
(моделине жараша)
1. Транспорттук таңгактан столдун туурасын
чоңойтуучу оң же сол аянтчаны
чыгарыңыз.
2. Оң жана сол жактагы столду чоңойтуу
аянтчасынын багыттоочу шиналарындагы
(36) винттерди сууруңуз.
3. Столду туурасынан чоңойтуучу аянтчанын
багыттоочу шиналарын толугу менен
фиксаторлорго жылдырыңыз.
Комплектациясына жараша: Столду
туурасынан чоңойтуучу аянтчаны өйдө
ачылма узатасынан кеткен тирөөч (7)
менен бирге оң жагына орнотуңуз.
4. Аспаптын алдынкы буттарынан кылдаттык
менен артка көтөрүп, ал оодарылып
кетпегидей коюңуз.
5. Багыттоочу шиналардагы винттерди (36)
бекитиңиз.
6. Аспаптын алдынкы буттарынан кылдаттык
менен алдыга көтөрүп, жерге коюңуз.
7. Керектүү аралыкты тандап, туурасынан
чоңойтуучу аянтчаны бекитүүчү винттер
менен (17) бекитиңиз.
Орнотуу
Ишеничтүү жана коопсуз иштөөсү үчүн
түзмөктү кыймылсыз түпкүчкө бекитилиши
керек.
– Түпкүч катары туруктуу орнотулган иш
плитасы же тактасы колдонулушу мүмкүн.
– Ири өлчөмдөгү материалды кесип жатканда
да түзмөк бекем турушу керек.
– Узун материалдарда тирөөчү жетиштүү
болууга тийиш жана ал тиешелүү
аксессуарлар менен камсыздалат.
Көрсөтмө:
Мобилдүү колдонуу үчүн аспапты фанера
листине же столярдык плитага (500 мм х 500
мм, минималдык калыңдыгы 19 мм) бекитип
алса болот. Иштеп жатканда плитаны винт
кыпчыгычтары менен верстакка бекитүү
керек.
1. Аспапты түпкүчкө бурап, бекитиңиз.
2. Транспорттук бекиткичти (24) бошотуңуз:
кесүүчү раманы акырын төмөн карап
басып, ошол бойдон кармап туруңуз.
Транспорттук бекиткичти (24) сууруп
салыңыз.
3. Кесүүчү раманы шашпай өйдө көтөрүңүз.
Транспорттоо же ташуу
1. Кесүүчү раманы төмөн ыргытып, транспорт
фиксаторун (24) коюңуз.
2. Бекитүүчү винт (13) менен тартуучу
шайманды алдыңкы абалда бөгөттөңүз.
Көңүл буруңуз!
Аспапты коргоочу шаймандарынан кармап
көтөрүүгө болбойт.
3. Шайманды (20) (комплектациясына
жараша) көтөрүү туткасынан кармап
көтөрүңүз жана ташыңыз.
Көтөрүү туткасы жок жабдуулар үчүн:
столдун эки жакка тең кеңейүүсүн толугу
менен бөгөттөп (16), аларды бекитүүчү
винттер (17) менен бекитиңиз. Машинаны
столдун эки кеңейтүүсүнөн бирге кармап
(16) көтөрүңүз жана ташыңыз.
7. Түзмөк жөнүндө кыскача
билдирүү
7.1 Кыймылдаткычты өчүрүү/
күйгүзүү баскычы
(27)
Кыймылдаткычты күйгүзүү:
· Өчүрүү/күйгүзүү баскычын басып, кармап
туруңуз.
Кыймылдаткычты өчүрүү:
· Өчүрүү/күйгүзүү баскычын коё бериңиз.
7.2 Кесүү аймагын
(29)
жарыктандырууну өчүрүү/күйгүзүү
баскычы
(комплектациясына жараша)
Кесүү аймагын жарыктандырууну күйгүзүү же
өчүрүү
Кооптуулук!
Жарыктын нурун адамдын же жаныбардын
көзүнө каратпаңыз
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ Күйүп турган лампаны
карабаңыз.
Көрсөтмө:
Аккумулятор менен иштеген шаймандарда:
жумушта кыскача тыныгуу учурунда кесүү
аймагын жарыктандыруу өчүп калат (тынч
режим), жумушту уланткан учурда автоматтык
түрдө күйөт. Узак убакытка тыныкканда кесүү
аймагынын жарыктандыруусу өчүп калат.
Кайра күйгүзүү үчүн: Өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (29) басыңыз.
7.3 Бычма лазеринин өчүрүү/
күйгүзүү баскычы
(28)
Бычма лазерин күйгүзүү жана өчүрүү.
Бычма лазери кесилүүчү жердин сол жагынан
сызык сызат. Абалы менен таанышуу үчүн
үлгү катары кесип көрүңүз.
Кооптуулук!
ЛАЗЕР НУРУ
НУРДУ КАРАБАҢЫЗ
2-КЛАССТАГЫ ЛАЗЕР НУРУ
EN 60825-1:2014
P<1mW, λ=650nm
Көрсөтмө:
Аккумулятор менен иштеген шаймандарда:
жумушта кыскача тыныгуу учурунда бычма
лазер өчүп калат (тынч режим), жумушту
уланткан учурда автоматтык түрдө күйөт. Узак
убакытка тыныкканда бычма лазер өчүп
калат. Кайра күйгүзүү үчүн: Өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (28) басыңыз.
7.4 Жантык бурчту орнотуу
Бекитүүчү тутканы (22) бошоткондон кийин
арааны кадамсыз тик абалына
салыштырмалуу 0° жана 45° аралыгында
кыйшайтууга болот (39).
Тик абалына салыштырмалуу сол жакты
көздөй 47° же оң жакты көздөй 2° кыйшайтуу
үчүн бөгөттөөчү баскычты (23) басыңыз.
Кооптуулук!
Кесип жатканда жантык бурчу өзгөрбөөсү үчүн
четтөө консолунун бекитүүчү туткасы (22)
тартылып туруусу керек.
Керек болсо, бекитүүчү тутканын абалын
өзгөртсөңүз болот: ал үчүн бекитүүчү тутканы
тартып, аны керектүү абалга чейин бурап,
кайра бекигиче түртүп коюңуз.
7.5 Бурулма стол
Кыйшайтып кесүү үчүн бекитүүчү тутканы (11)
бошоткондон кийин жана стопорду (12)
койгондон кийин бурулма столду оңго жана
солго 47° бурууга болот. Ошентип,
материалдын багыттоочу жээгине
салыштырмалуу кесүү бурчу өзгөрөт.
Кооптуулук!
Кесип жатканда кыйшаюу бурчу өзгөрбөөсү
үчүн бурулма столдун (бекитилген
абалдарында дагы!) бекитүүчү туткасы (11)
буралышы керек.
7.6 Тартуучу шайман
Тартуучу шаймандын жардамы менен
туурасынан кесилиши чоң материалдарды да
тилүүгө болот. Тартуучу шайманды кесүүнүн
ар кандай түрүнө (түз кесүүлөр, оюк кесүүлөр,
жантык кесүүлөр жана кош кыйгач кесүүлөр
жана оюктар) колдонууга болот.
КЫРГЫЗЧА ky
125