Philips sonicare HX3601/01 Manual De Instrucciones página 465

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 102
-
Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн
арналган.
-
Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр
жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну
токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө
борборуна кайрылыңыз. Шнуру бузулган болсо,
кубаттагычты жаңысына алмаштырыңыз.
-
Кубаттагычты эшикте же жылытылган беттердин
жанында колдонбоңуз.
-
Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз.
-
Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын
башын колдонууну токтотуңуз. Щётканын башы 3
ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда
алмаштырып туруңуз.
-
Эфир майлары же кокос майын камтыган
өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга
тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
-
Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта
колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо,
ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды
колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге
кайрылыңыз.
-
2 ай мурун оозуңузга же тиш этиңизге операция
жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун
тиш догдурга кайрылыңыз.
-
Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка
түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды
колдонуудан мурун анын өндүрүүчүсүнө же
дарыгерге кайрылыңыз.
-
Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо,
аны колдонуудан мурун дарыгериңиз менен
кеңешиңиз.
-
Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк
жана аны стоматологиялык клиникаларда же
мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга
болбойт.
465
Кыргызча
loading