Hotpoint Ariston HFC 3C26 F X Guía De Referencia Diaria página 54

КҮНҮМДҮК КОЛДОНУУ
1. СУУГА ТУТАШУУНУ ТЕКШЕРИҢИЗ
Идиш жуугуч машина суу каналына туташтырылып, кран
ачык болушу керек.
2. ИДИШ ЖУУГУЧ МАШИНАНЫ КҮЙГҮЗҮҮ
КҮЙҮК/ӨЧҮК баскычын басыңыз.
3. ТЕКЧЕЛЕРДИ ЖҮКТӨҢҮЗ
((ТЕКЧЕЛЕРДИ ЖҮКТӨӨнү караңыз)
4. ЖУУЧУ КАРАЖАТТЫН БӨЛҮШТҮРГҮЧҮН ТОЛТУРУУ
5. ПРОГРАММАНЫ ТАНДОО ЖАНА АЙЛАМПАНЫ ТУУРАЛОО
Идиштин түрүнө жана анын булгануу деңгээлине жараша
(ПРОГРАММАЛАР СҮРӨТТӨМӨСҮ көрүңүз) P баскычын
басуу менен эң ылайыктуу программаны тандаңыз.
Каалаган тандоолорду тандаңыз (ТАНДООЛОР ЖАНА
ФУНКЦИЯЛАРды караңыз).
6. БАШТОО
БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын басканда идиш жууган
циклы башталат. Программа башталганда сиз үн сигналын
угасыз.
7. ЖУУ ЦИКЛЫ АЯКТООСУ
Идиш жууган циклын бүткөндүгүн үн менен белгиленет
жана дисплей End (БҮТТҮ) деген жазууну көрсөтөт. Эшигин
ачып, шайманды КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ баскычын басуу менен
өчүрүңүз. Күйүп калуунун алдын алуу үчүн, идиш-аяктарды
чыгаруудан мурун бир нече мүнөткө күтө туруңуз.
Текчелерди эң ылдыйкысынан баштап бошотуңуз.
Машина, электр керектөөсүн азайтуу үчүн, узак аракетсиздик-
тин белгиленген убакыт аралыгында автоматтуу түрдө өчөт.
Эгерде идиш анча көп булганбаса же эгерде ал идиш жуу-
гуч машинага коюла электе сууга чайкалган болсо, колдо-
нулган жуучу каражаттын көлөмүн ошончо азайтыңыз.
КЕҢЕШТЕР ЖАНА ЖАРДАМДАР
ЖАРДАМДАР
Кутуларды жүктөөгө чейин, идиштерден бардык тамак калдык-
тарын алып салыңыз жана айнек идиштерди бошотуңуз. Агып
жаткан сууга алдын ала чайкоо зарыл эмес.
Идишти оордунда бекем тургандай жана көңтөрүлүп кетпеген-
дей кылып коюңуз; жана көзөнөктөрү бар идиштерди төмөн
каратып, суу ар бир бетине эркин жеткидей жана кайра агып
чыккыдай кылып томпойгон бөлүктөрүн эңкейтип коюңуз.
Эскертүү: капкактар, кармагычтар, жаймалар жана кууругуч
табалар чачкычтардын айлануусуна тоскоол болбосун.
Болгон майда нерселерди ашкана аспаптардын торуна жай-
гаштырыңыз.
Өтө булганган идиштерди жана мискелерди төмөнкү текчеге
жайгаштырыңыз, анткени бул сектордо суу чачкычтар күчтүүрөк
жана жуунун жогоруурак аткарылышына мүмкүндүк берет.
Шайманды жүктөгөндөн кийин, чачыраткычтардын эркин
айланаарын тактаңыз.
ТУУРА КЕЛБЕГЕН ИДИШ
• Жыгачтан жасалган идиш жана тамак жей турган аспаптар.
• Кооздолгон морт стакандар, көркөм кол өнөрчүлүк жана
антиквардык идиштер. Алардын кооздолушу бышык эмес.
• Жогору температурага туруштук бере албаган синтетикалык
материалдардан болгон бөлүктөр.
• Жез жана калай идиштер.
• Күл, мом, майлагыч же сыя менен булганган идиш.
Айнек кооздолуулардын жана алюминий/күмүш бөлүктөрүнүн
өңү, жуу процессинде өзгөрүшү же өчүшү мүмкүн. Айнектин
кээ бир түрлөрү (мисалы, хрусталь буюмдары) жуу процессин-
де күңүрттөлүшү мүмкүн.
6
АТКАРЫЛЫП ЖАТКАН ПРОГРАММАНЫ ӨЗГӨРТҮҮ
Эгерде туура эмес программа тандалып калса, ал жаңы
башталган шартта гана аны өзгөртүү мүмкүн: КҮЙҮК/ӨЧҮК
баскычын басып кармап туруңуз, машина өчөт. Машинаны,
КҮЙҮК/ӨЧҮК баскычын колдонуу менен кайра күйгүзүңүз жана
жаңы жуу айлампасын жана каалаган тандоолорун тандаңыз;
циклды БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын басып баштаңыз.
КОШУМЧА ИДИШТИ КОШУУ
Машинаны өчүрбөстөн,эшигин ачыңыз (ЫСЫК буудан абай-
лаңыз!) жана идиштерди, идиш жуугуч машинага жайгашты-
рыңыз. эшигин жабыңыз жана төмөнкү БАШТОО/ ТЫН-
ДЫРУУ баскычын басыңыз айлампа, токтотулган жеринен
улантат.
КОКУСУНАН ТОТОТУЛУУЛАР
Эгерде жуу айлампасынын учурунда эшиги ачык болсо, же
эгерде кубатуулук кесилип калса, айлампа токтойт.
Эшик жабылгандан кийин же электр камсыздоосу калыбына
келгенде, айлампаны токтотулган жеринен кайра баштоо үчүн
БАШТОО/ТЫНДЫРУУ баскычын басыңыз.
DEMO MODE (ДЕМО РЕЖИМИН) иштен чыгаруу үчүн, өмөн-
дөгү иш-аракеттер көрсөтүлгөн ирээти менен аткарылышы
керек. Машинаны КҮЙГҮЗҮП, андан соң кайра ӨЧҮРҮҢҮЗ.
DELAY (КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУ) баскычын, үн чыккыча басып
туруңуз. Машинаны кайра күйгүзүңүз. "dOF" индикатору күйүп,
Т.
андан соң ӨЧӨ
АЙНЕККЕ ЖАНА ИДИШКЕ ЗЫЯН КЕЛҮҮ
• Идиш жуугуч машинанын коопсуздугу катары өндүрүүчү тара-
бынан кепилденген айнекти жана фарфорду гана колдонуңуз.
• Идишке ылайыктуу жеңил жуучу каражат колдонуңуз.
• Айнек идиштерди жана ашкана аспаптарын жуу айлампасы
аяктаары менен чогултуңуз.
КУБАТТЫ ҮНӨМДӨӨ КЕҢЕШТЕРИ
• Үй чарбасындагы идиш жуугуч машина өндүрүүчүнүн нуска-
маларына ылайык колдонулганда, идиш жуугуч машинада
идиштерди жууганда, колго жууганга салыштырмалуу
АЗЫРААК КУБАТТЫ керектейт.
• Идиш-жуугуч машинанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн,
идиш жуугуч машина толугу менен жүктөлгөндө, дароо жуу
цикли башталышы керек. Үй тиричилигиндеги идиш жуугуч
машинанын өндүрүүчү тарабынан көрсөткөн сыйымдуулукка
жүктөө, кубат жана суу үнөмдөөсүн камсыз кылат. Идиш ая-
ктын туура салынышы тууралуу маалыматты ТЕКЧЕЛЕРДИ
ЖҮКТӨӨ бөлүмүндө таба аласыз.
• Бөлүк бөлүк менен жүктөлгөн убакта, атайын арналган жуу
параметрлери жеткиликтүү болгондо, аны колдонуу сунушта-
лат (Жарым жартылай жүктөө/ Аймактык жуу/ Мультиай-
мактык), тандалган текчелерди толтуруу менен гана. Идиш
жуугуч машинаны туура эмес жүктөө же ашыкча жүктөө
ресурстардын (суу, кубат жана убакыт, ошондой эле ызы-
чуу деңгээли сыяктуу) жогорулатып, тазалоо жана кургатуу
өндүрүмдүүлүгүн азайтышы мүмкүн.
• Идиш-аяк бөлүкчөлөрүн кол менен алдын ала чайкоо, суунун
жана кубаттын жогорулатылган керектөөсүнө алып келет
жана ал сунушталбайт.
ГИГИЕНА
Идиш жуугуч машинада чогулуп кала турган жытты жана тунманы
болтурбоо үчүн, жок дегенде айына бир жолу жогору темпера-
тура программасын жүргүзүңүз. Шайманыңызды тазалоо үчүн,
чай кашык жуучу каражатты колдонуп аны жүктөбөстөн жүргүзүңүз.
loading

Este manual también es adecuado para:

859991605720