ky
КЫРГЫЗЧА
- Жылмалоочу тегеректи күч менен саат жебеси
боюнча айлантуу аркылуу М-Quick гайкасын
бекитиңиз.
M-Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу:
М-Quick кыпчытма гайкасы (1) орнотулган
учурда гана шпинделди шпинделдил
стопор баскычы (4) менен токтотууга уруксат
берилет!
- Өчүргөндөн кийин шайман инерция боюнча
кыймылдай берет.
- Жылмалоочу тегерек толук токтогучу
шпинделдин стопор баскычын (4) кыскача
басып коюңуз. M-Quick кыпчытма гайкасы (1)
чечилет.
7.4
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы
бекитүү/бошотуу (комплектациясына
жараша)
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (12)
бекитүү:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын 2 бети бири-
биринен айырмаланат. Эки бекитме көзөнөктүү
гайканы шпинделге төмөнкүдөй кылып бураңыз:
2-бет, B сүрөтүн караңыз.
- X) Жука жылмалоочу тегеректер үчүн:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (12)
өйдө карап тургандыктан, жука жылмалоочу
тегеректи бекем орнотууга болот.
Y) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (12)
төмөн карап тургандыктан, гайканы
шпинделге бекем орнотууга болот.
Z) Төмөнкү үчүн гана: W ... -100:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу
төмөн карап, түз бети өйдө карап турат.
- Шпинделди бөгөттөңүз. Эки бекитме
көзөнөктүү гайканы (12) саат жебеси боюнча
(13) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен
бекитиңиз.
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бошотуу:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (12) саат
жебесине каршы (13) эки көзөнөккө салынма
ачкыч менен бурап чечиңиз.
7.5
Кыпчытма гайканы (ачкычсыз)
бекитүү/бошотуу
(комплектацияга жараша)
Кыпчытма гайканы (14) (шаймансыз) кол
менен гана бекитиңиз!
Иштөө үчүн скоба (15) ар дайым кыпчытма
гайкага (1) тегиздиги боюнча отургузулушу
керек.
Кыпчытма гайканы (шаймансыз) (14) бекитиңиз:
Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы
6 мм ден калың болсо, кыпчытма гайканы
(шаймансыз) колдонууга болбойт! Мындай
учурда эки бетитме көзөнөктүү кыпчытма
гайканы (12) эки көзөнөккө салынма ачкыч
менен (13) колдонуңуз
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
134
- Кыпчытма гайканын (15) скобасын жогору
ыргытыңыз.
- Кыпчытма гайканы (14) шпинделге (3)
орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте.
- Кыпчытма гайканы (15) саат жебеси боюнча
кол менен бекитиңиз.
- Скобаны кайра (15) жогору ыргытыңыз.
Кыпчытма гайканы (шаймансыз) (14)
бошотуңуз:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Кыпчытма гайканын (15) скобасын жогору
ыргытыңыз.
- Кыпчытма гайканы (14) саат жебесине каршы
кол менен бурап чечиңиз.
Көрсөтмө: Контргайка бекем отурган болсо, (14)
эки көзөнөккө ачкыч колдонсо болот.
8. Колдонуу
8.1
Айлануу жыштыгын орнотуу (WEV 850-
115, WEV 850-125)
Тууралоочу дөңгөлөктө (7) сунушталган
ылдамдыкты коюңуз. (Кичине сан = төмөн
ылдамдык, чоң сан = жогору ылдамдык)
Кесүүчү жылмалоо машинасы-, сыйрыма
жылмалоочу тегерек, чөйчөк түрүндөгү
жылмалоочу тегерек, алмаздуу кесүүчү
жылмалоо тегереги: жогору айлануу саны
Щетка: орточо айлануу саны
Табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек: төмөн
жана орто айлануу саны
Көрсөтмө: Сайкалдоо үчүн биздин компаниянын
бурчтуу сайкалдагычын колдонууну
сунуштайбыз.
8.2
Күйгүзүү/Өчүрүү
Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо
керек.
Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң
даярдалма материалга алып келүү керек.
Машина кошумча чаң жана кырынды жута
турган абалдын алдын алуу зарыл.
Күйгүзүп жана өчүрүп жатканда машинаны
чогулган чаңдан алыс коюу керек. Машинаны
өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо
гана шнурду сууруш керек.
Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн:
вилка розеткада суурулуп кеткенде же
электр кубатында бузулуу орун алганда
машинаны өчүрүп коюу керек.
Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина
колдон бошотулганда да иштей берет.
Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол
менен туткасынан кармап, туруктуу абалга
жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу
керек.
Сыдырма которгучтуу машина:
5
I
0