Metabo STEB 65 Quick Manual Original página 73

Ocultar thumbs Ver también para STEB 65 Quick:
Tabla de contenido
Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 25
6.5
Кыйшык чиймени кесүү
Коргоочу айнекти (10) өйдө жылдырып коюңуз.
Чамынды тосмосун (7) чечип, сордуруучу
шлангды ажыратыңыз. Кыйшык чиймелерди
кесип жатканда бул тетиктерди колдонууга
тыюу салынат.
- Шурупту (4) бошотуу.
- Багыттоо панелин (5) бураңыз.
- Учурдагы бурчтун маанисин тирөөчү
плитанын цоколунан (18) эсептөөгө болот.
Аркы бурчту бурч ченегич менен тууралаңыз.
- Винтти (4) кайрадан бураңыз.
6.6
Дубалга жакын жерде кесүү
Коргоочу айнекти (10), чамынды тосмосун (7),
тегерек жана параллелдик багыттагычты
чечиңиз. Дубалдарга жакын жерде кесип
жатканда бул тетиктерди колдонууга тыюу
салынат.
- Багыттоо панели (5) бир аз көтөрүлгүдөй
кылып, винтти (4) бошотуңуз.
- Багыттоо панелин (5) бир аз көтөрүп, ал
токтоп калгыча артты көздөй жылдырыңыз.
- Винтти (4) кайрадан бураңыз.
7. Колдонуу
7.1
Маятник жүрүшүн орнотуу
Тутканын (6) жардамы менен керектүү маятник
жүрүшүн орнотуңуз.
"0" абалы = маятник жүрүшү өчүрүлгөн
. . .
"III" абалы = маятник жүрүшү максималдык
амплитудада
Орнотуунун сунушталган маанилерин 3-беттен
караңыз
Оптималдуу маанилер тажрыйбанын негизинде
жакшы аныкталат.
7.2
Максималдуу жүрүш ылдамдыгын
орнотуу
Дөңгөлөкчөдө (11) максималдуу жүрүш
ылдамдыгын коюңуз. Шайман иштеп жатканда
да ылдамдыкты коюуга болот.
Орнотуунун сунушталган маанилерин 3-беттен
караңыз
Оптималдуу маанилер тажрыйбанын негизинде
жакшы аныкталат.
7.3
Күйгүзүү/Өчүрүү, узак убакытка
күйгүзүү
Күйгүзүү:Которгучту (12) басыңыз.
Өчүрүү:Которгучту (12) койобериңиз.
Узак убакытка күйгүзүү:Узак убакытка
күйгүзүү үчүн которгучту (12) токтоткуч баскычы
(13) менен бекитип койсо болот. Өчүрүү үчүн
токтоткучту (12) кайра басыңыз.
Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина
колдон бошотулганда да иштей берет.
Ошондуктан, электр шайманды ар дайым эки
колдоп, туткасынан бекем кармап, өзүңүз бекем
туруп, жумушка гана көңүл буруңуз.
8. Тазалоо, техникалык тейлөө
Шайманды бат-бат тазалап туруу зарыл.
Ошону менен бирге кыймылдаткычтын
корпусундагы аба айлануучу көзөнөктөрдү чаң
соргуч менен тазалоо керек.
Араанын кыпчыткычын кысылган аба менен
байма-бай кылдат тазалап туруңуз.
Зарылчылык болсо, араанын (2) тирөөчү
чыгырыгынын артындагы аба айлануучу
көзөнөктөрдү тазалаңыз.
Араанын (2) тирөөчү чыгырыгына маал-маалы
менен май тамызып туруңуз.
9. Кеңештер жана сунуштар
Оюп киргизүү
Жука жана жумшак материалдарды кесип
жатканда арааны материалга алдын ала
көзөнөк тешпестен оюп киргизүүгө болот. Кыска
арааларды гана колдонуңуз. 0° бурчун
жөндөгөндө гана.
2-беттеги сүрөттү караңыз. Тууралоо туткасын
(6) «0» абалына коюңуз (маятник жүрүшү
өчүрүлөт) Электр лобзигинин багыттоо
панелинин (5) маңдайкы жээгин материалды
каратып коюңуз. Электр лобзигин жакшылап
кармап, жайдан төмөн карай жылдырыңыз
Кесип алгандан кийин маятник кыймылдоо
режимин күйгүзсө болот.
Калыңыраак материалдарды кесип жатканда
адегенде көзөнөк тешип алып, ошол жерге
арааны салуу керек.
10. Аксессуарлар
Metabo фирмасынан чыккан түпнуска
тетиктерди гана колдонуу сунушталат.
Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана
мүнөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды
гана колдонгула.
Аксессуарларды бекем орнотуңуз. Электр
шайманын кармагычта иштетип жатканда:
электр шайманын бекем орнотуңуз. Башкарууну
жоготуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
4-бетти карагыла.
A Тегерек жана параллелдүү багыттагыч
B Коргоочу (материалдын назик катмарын
чийилип калуудан сактайт)
10.1 Тегерек жана параллелдүү
багыттагычты орнотуу
Ø 100 мм баштап Ø 360 мм чейин тегеректерди
кесүү жана жээгине параллелдүү (жээктен эң
көп дегенде 210 мм аралыкта) кесүүлөрдү
аткаруу үчүн.
КЫРГЫЗЧА ky
73
Tabla de contenido
loading

Tabla de contenido