Metabo BS 14.4 Manual Original página 71

Ocultar thumbs Ver también para BS 14.4:
Tabla de contenido
Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 25
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу
декларация
Аккумулятордук шуруп бурагычтардын жана
перфораторлордун типтериндеги жана
сериялык номерлериндеги *1) белгиленген
маалыматтар, белгиленген директиванын
жоболоруна *2) жана стандарттарына *3)
ылайык келерин жоопкерчилик менен
билдиребиз. *4) Техникалык файлды – 3-беттен
карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Шуруп бурагычтар жана перфораторлор
металлды, жыгачты, пластикти жана ушу
сыяктуу материалдарды кошумча аракетсиз эле
бургуласа болот, ошондой эле өлчөгүч
тарабынан карматуучу нерселерди жана
кесүүлөрдү буроого жана бурап чыгарууга
жарайт.
Перфораторлор кирпичтеги жана таштын
арасындагы коюлуштарды ургулап бургуласа
болот.
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип
чыккан зыян үчүн талап кылуучу өзү
жоопкерчилик тартат.
Кокустук кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы
кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген
техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды
сактоо керек.
3. Техникалык коопсуздуктун
жалпы эрежелери
Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана
электр инструментиңиздин сактыгы
үчүн деп белги коюлган жерлерге
көңүл буруңуз!
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу
коркунучун болтурбоо үчүн пайдалануу
боюнча нускаманы окуңуз.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА: Коопсуздук
эскертүүлөрүнүн жана
нускамаларынын баарын окуп чыгыңыз.
Коопсуздук эскертүүлөрүнүн жана
нускамаларынын баарын окубагандан электр
соккусу, өрт чыгышы жана/же олуттуу жаракат
алуу келип чыгышы мүмкүн.
Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала
берилгендерди жана нускамаларды сактап
койгула.
Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө,
анын бардык бул документтери менен кошо
бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук
боюнча өзгөчө эрежелер
Перфораторлор (SB деп белгиленген
шаймандар) менен кулак коргогучтарды
кийиңиз. Ызы чуу дүлөйлүккө алып келет.
Кесе турган тиштери жашырылган зымдарга
тийиши мүмкүн болсо, электр куралын
оолактандырылган кармоочу беттеринен
кармаңыз. Инструменттин кесүүчү деталы,
зымдар менен контакт болуучу инструменттин
бөлүгү аркылуу электр инструменттин ачык
металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр
тогуна урундурушу мүмкүн.
Иштей турган жерде түйүндөр өтпөй
тургандыгын тактап алгыла электр-, суу-, газ
түйүндөрү (Мисалы, металл издөөчүнүн
жардамы менен).
Жакшы иштебеген Li-Ion аккумулятору
бат күйүп кетүүчү суюктуктун агып
кетишине алып келет!
Аккумулятордон суюктук агып кеткенде
жана адамдын териси менен контакт
болгондо, жабыркаган теринин жерин
тезинен суу менен абдан жуу керек.
Аккумулятордун суюктугу көзгө кирген учурда,
көздү таза суу менен абдан жууп жана тезинен
медициналык жардамга кайрылгыла!
Аккумуляторго суу тийгизбегиле!
Жакшы иштебеген же деформацияланган
батареяны колдонууга тыюу салынат!
Аккумулятордук батареяны жылуулукка
жана отко жакындатпагыла!
Батареяны ачууга тыюу салынат!
Аккумулятордун контакттарын кармабагыла,
зымдардын биригишине жол бербегиле!
Иштебеген инструменттин батареясын алып
салгыла.
Ар кандай түздөөлөрдүн жана техникалык
тейлөөлөрдүн алдында батареяны алып
салгыла.
Батареяны ордуна салуунун алдында, электр
инструмент өчүк экендигин тактагыла.
Тегеренүүчү бөлүгүн кармоого тыюу салынат!
Күкүмдөрдү жана ушу сыяктууларды тазалоодо
инструмент өчүрүлгөн абалда гана болсун.
Сыйгалануудан же айлануудан сактоочу
бөлүктү орноткула (мисалы, бекиткичтерди
бекитүүнүн жардамы менен).
Жарыкдиоддук лампа (10): оптикалык орноткуч
аркылуу жарыкдиоддук нурларды түз
карабагыла.
КЫРГЫЗСЧА ky
71
Tabla de contenido
loading

Tabla de contenido